Альпинизм боюнча Кыргызстанда өткөн Россиянын чемпионаты аяктады

© flickr.com / Cristian BortesАльпинист тоону багындыруу кезинде. Архив
Альпинист тоону багындыруу кезинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионатта эркектер арасында биринчи орунду Иркутсктан келген спортчулар ээледи деп айтылат федерациянын расмий сайтында.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиянын Альпинизм боюнча федерациясы Кыргызстандын Каравшин аймагында өткөн өзүнүн чемпионатынын жыйынтыгын чыгарды.

Чемпионат экинчи жыл катары менен Баткендеги Каравшин капчыгайында өттү. Мелдеш 15-июлда башталып, 2-августта аяктады.

Альпинизм боюнча Россиянын чемпионаты Баткен облусунда өтөт
Федерациянын расмий сайтында маалымдалгандай, чемпионатта эркектер арасында биринчи орунду Иркутсктан келген спортчулар – Александр Клепиков, Игорь Лихоносов жана Станислав Лазарев ээледи.

Экинчи орунду Санкт-Петербургдан келген Константин Воробьев, Антон Барабашов жана Анатолий Петров алышты.

Ал эми Новосибирсктен келген Дмитрий Бабий, Иван Бараусов жана Александр Парфенов үчүнчү болушту.

Чемпионатка бардыгы болуп 10 команда катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0