БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанында кыйраган учактын ээси ACT Airlines авиакомпаниясы чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү убада кылууда. Бул тууралуу компаниянын тараткан билдирүүсүндө айтылды.
"Авиакырсыктын жыйынтыгында келип чыккан адамдык жана мүлктүк бардык чыгымдар коопсуздук кепилдигинде турат. Жакынкы күндөрү бардык материалдык чыгымдардын орду толтурулат", — деп айтылат анда.
Ошондой эле авиакомпания кырсыктан жакындарын жоготкондорго, Түркиянын Жарандык авиациянын жамаатына жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Ал эми кырсыктын себептери боюнча компания азырынча маалыматы жок экенин билдирди.
"Ушу тапта биз учактын кыйрашы боюнча так жана далилденген маалымат ала элекпиз. Биздин фирманын атынан эки командир-учкучубуз азыр "Манас" аэропортунда. Алар тиешелүү кызматтар менен биргеликте учактын кыйроо себептерин аныктоо боюнча иштерди аткарууда. Ошондой эле техникалык инженерлерибиз дагы кыйроо болгон жерге бара жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонкондон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Кыйроонун себептери аныкталууда.
Акыркы маалыматтарга караганда, 40ка чукул адам көз жумуп, 13 киши жабыркады.