БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өлкөнүн бир катар катуу суук болуп жаткан аймактарынын мектептеринде окуу токтотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Каникулдун узартылышына айрым облустардагы аба ырайынын кескин төмөндөп кетиши себеп болгон.
"Катуу түшкөн суукка байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунун, Нарын шаарынын мектептери жана Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мектептеринде окуу убактылуу токтотулду", — деп жазылат маалыматта.
Окуу процессинин башталышы ар бир райондо аба-ырайына жараша өз алдынча чечилет.
Билим берүү министрлиги балдар бакчалары иштей берерин кошумчалады.
Буга чейин Ат-Башы районунун эли катуу сууктан улам мектептерди каникулга таратуу боюнча жогору жакка кайрылгандыгы маалымдалган.