Ат-башылыктар катуу сууктан улам каникулду узартууну суранып жатышат

© Фото / Нурзада МукашеваСильное похолодание в Нарынской области
Сильное похолодание в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башыда учурда жергиликтүү элдин айтымында, күндүн суугу күндүз -25-27 градус, ал эми түнкүсүн -35 -40 градуска жетүүдө.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Нарын облусундагы Ат-Башы районунун тургундары катуу сууктан улам мектептеги каникулдун узартылышын суранышууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев билдирди. 

Анын айтымында, учурда аталган аймакта суук катуу болуп, окуучулар үчүн мектепке баруу кыйынчылык жаратууда. 

"Катуу суук эми башталып, балдар эртең мененки саат 7:30да караңгыда мектепке келишет. Мындан улам ата-энелер дагы каникулдун узартылышын суранып жатышат. Учурда райондук администрацияга кайрылганыбызда алар мектептердеги абанын температурасын текшерип, Билим берүү министрлигине кайрыларын айтышты", — деди Айдаралиев.

© Фото / Нурзада МукашеваНарын облусундагы Ат-Башы районунун тургундары катуу сууктан улам мектептеги каникулдун узартылышын суранышууда.
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун тургундары катуу сууктан улам мектептеги каникулдун узартылышын суранышууда. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун тургундары катуу сууктан улам мектептеги каникулдун узартылышын суранышууда.
© Фото / Нурзада МукашеваБул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев билдирди.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев билдирди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев билдирди.
1/2
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун тургундары катуу сууктан улам мектептеги каникулдун узартылышын суранышууда.
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев билдирди.

Карыбек уулу Акматаалы мектебинин 11-классынын окуучусу Айжамал Өмүрбек кызы сууктан улам алыста жашаган балдарга мектепке кечикпей келүү кыйынчылык жаратып жатканын айтты.

Зимний спортивный праздник Все на лыжню—2016 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мектептери беш күндүк тартипке өтөт
"Чилде башталды окшойт, абдан катуу суук болуп жатат. Окуубуз эртең мененки саат 8:00дө башталат. Бирок үйлөрүбүз алыс болгондуктан саат 7лерде эле үйдөн чыгып, бир сааттай жөө басып мектепке келебиз. Мындан сырткары, түштөн кийин окугандар саат 18:00дө тараса, үйлөрүнө бир жарым саатта араң жетишет. Алыскы тоонун жанындагы айылдарда мындан да суук болуп жатат дешүүдө. Мындан улам каникулду кичине узарткыла деп өтүнөбүз", — деди окуучу.

Учурда Билим берүү министрлиги аталган маселе каралып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0