21:09 17 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Шам. Архивдик сүрөт

Чүй, Талас облусу менен Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жарык өчөт

© Sputnik / Сергей Мальгавко
Коом
Кыскача шилтеме алуу
98 0 0

Электр энергиясы эртең мененки 09:00дөн 18:00гө чейин өчүрүлөт.

БИШКЕК, 13-янв.— Sputnik. Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди. 

Маалыматка ылайык, 13-январда Бишкек шаарынын Гоголь, Фрунзе, Үсөнбаев, Ибраимов, Мичурин, Керамический, Табачный, Семашко, Чүй, Көлбаев, Белгородский жана Архангельск көчөлөрүндө жарык болбойт. 

Андан сырткары, Чүй облусунун Лесхоз, Гроздь, Берлик, Васильевка, Садовое, Дачное, Верхневосточный, Жаңы Жер, Ак-Кашат, Заря айылдары менен Кара-Балта шаарынын кээ бир көчөлөрүндө электр энергиясы берилбейт. 

Оңдоо жана кырсыктардын алдын алуу иштери Талас облусунда дагы жүргүзүлүп, Кызыл- Октябрь, Маданият менен Таш-Арык айылдарында жарык 09:00дөн 17:00гө чейин болбойт.

Тема боюнча

Бишкектин борбордук көчөлөрүнө заманбап чырактар коюлат. Карта
Белгилер:
өчүрүү, электр энергиясы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ