ИИМ Төө-Ашуудагы тоннелде кырсыкка кабылгандарды сактаган студенттерди сыйлады

© Фото / пресс-служба МВД КРНаграждение двух студентов, спасших 6 человек во время крупного ДТП в тоннеле Тоо-Ашуу
Награждение двух студентов, спасших 6 человек  во время крупного ДТП в тоннеле Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында болгон. Анда төрт унаа кагышып, төрт адам каза болгон.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Төө-Ашуудагы тоннелде кырсыкка кабылган унаанын ичиндеги алты адамды сактап калган студенттерди сыйлады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Анда жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен. Кырсыктан BMW унаасындагы беш адамдын төртөө каза болуп, башка машиналардагы сегиз жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

Студенты Элдияр Токтошев и Манас Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуудагы тоннелде күйүп жаткан унаадан жарандарды алып чыккан балдардын баяны
Досунун үйлөнүү тоюна бара жаткан Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин 4-курсунун студенти Элдияр Токтошев менен Кыргыз-славян университетинин экономика факультетинин 4-курсунун студенти Манас Мамбеталиев ошол маалга туш келип, Honda Stepwgn унаасындагы алты адамды алып чыгып, ажалга арачы болушкан.

Бүгүн аталган студенттер ички иштер министринин буйругу менен "Кыргыз милициясына

90 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланышты. Сыйлык тапшырган ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков атуулдук милдетин аткарып, адам өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиктери үчүн жаш жигиттерге терең ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0