Төө-Ашуудагы тоннелде күйүп жаткан унаадан жарандарды алып чыккан балдардын баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСтуденты Элдияр Токтошев и Манас Мамакеев
Студенты Элдияр Токтошев и Манас Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан алты күн мурун Төө-Ашуудагы тоннелде катталган кырсыктан жабыркагандарды унаадан алып чыгып, жанына аралжы болгон 21 жаштагы Манас Мамбеталиев жана Элдияр Токтошев менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашты.
Куткаруучулар Элдияр жана Манас: аялдын кыйкырганын укканда дароо чуркап бардык

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз улуттук университеттин юридика факультетинде билим алган Манас Мамбеталиев менен Элдияр Токтошев ал күнү борбор калаадан Ошту көздөй досунун үйлөнүү тоюна бара жатышкан.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Анда жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен. Кырсыктан BMW унаасындагы беш адамдын төртөө каза болуп, башка машиналардагы сегиз жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

© Фото / пресс-служба МЧС КРҮстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган
Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган
© Фото / пресс-служба МЧС КРАнда жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен
Анда жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анда жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен
© Фото / пресс-служба МЧС КРКырсыктан BMW унаасындагы беш адамдын төртөө каза болуп, башка машиналардагы сегиз жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Кырсыктан BMW унаасындагы беш адамдын төртөө каза болуп, башка машиналардагы сегиз жүргүнчү ооруканага жаткырылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кырсыктан BMW унаасындагы беш адамдын төртөө каза болуп, башка машиналардагы сегиз жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
1/3
Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган
2/3
Анда жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандан улам үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен
3/3
Кырсыктан BMW унаасындагы беш адамдын төртөө каза болуп, башка машиналардагы сегиз жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

"Төө-Ашуудан биринчи жолу өтүп бараткандыктан, кооз жерлерден сүрөткө түшүп, тоннелге кире бериш жерге токтоп кичине эс алып андан ары сапарыбызды улантканбыз. Тоннелден өткөн соң жаныбыздагы бала уюлдук телефону түшүп калганын айтып, кайра артка кайрылганбыз. Тоннелге киргенде эле ичинде авария болгонун байкап, жардам сурап жаткан адамдарды көрүп, кайра артка кете албай калдык", — деди Манас Мамбеталиев.

Анын айтымында, көзгө дароо эле чоң машинанын капталына кыпчылып калган унаа илинген.

Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуудагы кырсыктан жабыркагандардын экөөсүнө жакында операция жасалат
"Авария болгон жерге барсак, BMW үлгүсүндөгү унаа камаздын алдында калыптыр. Ал жүк ташуучу унаа менен карама-каршы тилкеде келе жаткан. Фура катуу келе жатып, ага чейин бизден ашып кеткенин көргөнбүз. Ал эми Honda Stepwgn кыпчылып калыптыр, унаанын ичинен аялдын жардам сураган үнүн укканда дароо жардамга чуркадык. Унаа түтөп жаткандыктан кээ бири артка качып жатышты. Күч кайдан пайда болду билбейм, ичине кирип бирден алып чыга баштадык", — деди Элдияр Токтошев.

Биринчи кезекте адамдарды куткаруу керектигин ойлогон балдар өмүрлөрүн тобокелге салып күйүп жаткан унаадан адамдарды сыртка алып чыга башташат.

Унаанын ичине алгач Элдияр кирген.

"Машинанын ичи бүт кан экен. Адамдарды жөлөнгүч менен тирөөчтөр кыпчып салыптыр. Ичинде алты киши бар экен, дароо алып чыгууга шаштым. Бирок кээ биринин буту кыпчылып, колу сынып, айтор оор жаракат алышыптыр. Алгач аялдарды чыгардык, арасында кош бойлуу келин бар экен. Андан соң жөлөнгүчтөрдү ордунан чыгарып, эркектерди сыртка алып чыктык. Алар да оор жарадар болушуптур", — деди Элдияр.

Бош убактысында байкесинин унаа оңдой турган борборунда машина оңдоп иштеген Элдияр үйрөнгөнүм керекке жарап адамдардын жанын аман алып калууга жардам берди дейт. Ал эми Манас Элдияр айткан шаймандардын баарын сырттан таап келип, унаанын түтүнүн өчүрүп, кыпчылып калган унааны тартып чыгарууга аракет кылган. 

"Ошол жердеги адамдарды чогултуп тросс менен сүйрөп чыгардык. Кантип чыгараарыбызды билбей "кыргыз элим, барсыңбы!" деп ураан чакырып, аларга дем-күч берип жатып тартып араң чыгардык", — деп айтып берди Манас.

Бизди балким Кудай ошол жакка жабыркагандарга жардам берүүгө себепчи кылып жибергендир деген балдар, жол жүрүүдө айдоочулар эч жакка шашпаса, адам өмүрү баарынан кымбат тураарын жардам берип жаткан учурда түшүндүк дейт.

"Жардам берүү учурунда тоннелдин ичинде эки сааттан ашык жүрүп калыптырбыз. Кичине ууландык окшойт. Азыр дары ичип, ийне алып жатабыз", — дешти балдар.

Кырсык боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Кырсык болгондон кийин Өзгөчө кырдаалдар министринин алдындагы куткаруу кызматы да дароо барган. Алар алгач жүк ташуучу унаанын алдында калган BMW үлгүсүндөгү унаадагыларды чыгарып жаткан учурда, балдар Honda Stepwgn үлгүсүндө кыпчылып калган унаадагы адамдарга жардам беришкен. Жөнөкөй жарандардын жардам берип жүргөнүн ӨКМ кызматкерлери да тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0