БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана консулдуктарында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга добуш берүү жүрүп жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө карата чет өкөлөрдө ачылган 20 шайлоо тилкесинде референдум жүрүп жатат. Владивосток, Токио, Сеул, Пекин, Гуанчжоу, Куала-Лумпур, Красноярск, Новосибирск, Астана, Алматы, Дели, Екатеринбург, Ташкент, Душанбе, Ашхабад, Исламабад, Баку, Дубай, Тегеран, Москва шаарларында башталды", — деп Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Жергиликтүү кеңешке шайлоо 22 шаар жана 389 айылда өтүүдө.