Баткенде муктаж болгон 25 үй-бүлө жаштардан жардам алды

© Фото / пресс-служб ДУМК КРБаткен районуна караштуу Кара-Булак айылынын колунда жок үй-бүлөлөрүнө жардам берүү
Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылынын колунда жок үй-бүлөлөрүнө жардам берүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардам алган үй-бүлөлөр жаштарга ыраазычылык билдирип, аксакалдар баталарын беришти.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылынын жаштары колунда жок үй-бүлөлөргө жардам беришти. Бул тууралуу аталган облустун казыятынын кызматкери Фуркат Авлиёев билдирди. 

© Фото / пресс-служб ДУМК КРБуюм-тайым, азык-түлүк, көмүр жана кышкы кийимдер муктаж болгон 25 үй-бүлөгө таратылып берилди
Помощь малоимущим семьям села Кара-Булак Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Буюм-тайым, азык-түлүк, көмүр жана кышкы кийимдер муктаж болгон 25 үй-бүлөгө таратылып берилди

Демилге аталган айылдын тургундары тарабынан көтөрүлүп, айыл имамынын колдоосу менен ишке ашырылган.

"Каражат айылдагы жаштардан, жеке ишкерлерден жана чет өлкөдөгү мекендештерден жыйналды. Топтолгон каражатка буюм-тайым, азык-түлүк, көмүр жана кышкы кийимдер сатылып алынып, муктаж болгон 25 үй-бүлөгө таратылып берилди", — деп айтылат маалыматта.

Жардам алган үй-бүлөлөр жаштарга ыраазычылык билдирип, аксакалдар баталарын беришти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0