15:41 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Катардагы жоокерлер. Архив

Аскерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жоокер өзүн коргоого аргасыз болгонбу?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
59910

Жактоочу шектүүгө карата 104-берене боюнча ачылган кылмыш ишин башка беренеге өзгөртүү сунушун берди.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы №01525 аскер бөлүгүндө ефрейторду мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген аскердин жактоочусу Айсалкын Карабаева ал кордукка чыдабай өзүн коргоо үчүн мушташкан деген пикирин айтты. 

Бул туурасында авдокат маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Эске салсак, Ош шаарындагы № 01525 аскер бөлүгүндө 7-сентябрь күнү катардагы аскер Заирбек уулу Бекболот менен келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор Ташбалта уулу Эламандын ортосундагы чыр мушташка айланып, анын кесепетинен ефрейтор каза болгон. Анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Ноокат районундагы Алашан айылында жерге берилген. Шектүү катары Заирбек уулу Бекболот аттуу жоокер убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Кемер. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Шектүү Заирбек уулу Бекболот буга чейин көргөн кордугуна чыдабай аргасыздан өзүн коргоо максатында мушташкан. Ал төрт ай бою ефрейтордон кордук көрүп келгендиктен, ушундай окуяга кабылып жатат. Окуя болгон күнү ефрейтор Бекболот Заирбек уулу менен катардагы жоокер Дастан Мамажановду каптеркага (аскердик бөлүктөгү кампа) чакырган. Эки жоокер барган кезде ефрейтор Эламан алгач, Дастан Мамажановго кол көтөргөндө ал качып чыгып кеткен. Андан кийин Бекболот Заирбек уулун урганда чыдабай кетип ефрейторго жооп кайтарган. Ошондо анын башы батареяга тийип, кулап түшкөн", — деп билдирди Карабаева. 

Ушуга байланыштуу жактоочу шектүүгө карата 104-берене боюнча ачылган кылмыш ишин башка беренеге өзгөртүү сунушун берди. 

"Бекболот аскерге киши өлтүрөйүн деп барган эмес. Ага коюлган 104-берененин негизинде 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Бул өтө оор берене деп эсептейм. Себеби өзүн коргогусу келген адам жөн жерден адам өлтүрүүгө шектелип жатат", — деп кошумчалады жактоочу. 

Белгилей кетсек, ефрейтордун тууган-туушкандары маркумдун башы тепкиленип, кекиртеги оюлуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билдиришкен. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери аяктай элек.

Тема боюнча

Султанбекова: бир аскер бөлүктө 71 бала өлдү, анан ким баласын аскерге жиберет?
Шаардык милиция Бишкектеги массалык мушташ тууралуу маалымат таратты
Белгилер:
кылмыш, мушташуу, ефрейтор, Аскер

ЭҢ МААНИЛҮҮ