"Лейла" ырынын автору Jah Khalib Бишкекте MC_doncha менен бирге ырдады

© SputnikMC_doncha деген лакап ат менен интернет жылдызына айланган Данияр Токтомамбетов, Instagram баракчасынан тартылган сүрөт
MC_doncha деген лакап ат менен интернет жылдызына айланган Данияр Токтомамбетов, Instagram баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү рэпэрдин расмий сайтында ал Кыргызстанга келип, түнкү клубдардын биринде ырдаганы кабарланган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Атактуу рэпэр Jah Khalib жана Данияр Токтомамбетов (MC_doncha) кыска мөөнөттүн ичинде хит болгон "слезы тикли верх" ырын аткарышты.

Белгилүү рэпэрдин расмий сайтында ал Кыргызстанга келип, түнкү клубдардын биринде ырдаганы айтылат. Jah Khalib буга чейин өзүнүн Instagram баракчасына Токтомамбетовдун видеосун бөлүшкөн.

Видео опубликовано MC DONCHA (@mc_doncha) Ноя 27 2016 в 9:23 PST

Ал эми кечээ күнү Токтомамбетов өзүнүн Instagram баракчасына Jah Khalib менен бирге ырдаган ырынын видеосун киргизди. Анда ырдын кайсырмасын Jah Khalib ырдаганын көрүүгө болот.

MC_doncha деген лакап ат менен интернет жылдызына айланган Данияр Токтомамбетовдун роликтери кыргызстандыктарды гана эмес россиялыктардын да кызыгуусун жаратууда.

Гитара @thetoughbeard Камера 🎥 @soul.dm И специальный гость @mc_doncha

Видео опубликовано Jah Khalib (@jahkhalib) Ноя 27 2016 в 9:07 PST

Анын Instagram баракчасына жүктөгөн оригиналдуу видеороликтерин Россиянын белгилүү артисттери Тимати, Михаил Галустян, Кэти Топурия бөлүшүп, жагымдуу пикирлерин калтырган.

Jah Khalib белгилүү рэпэр. Анын "Лейла" чыгармасы учурдагы хиттердин бири.

MC_doncha менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистинин маегин төмөнкү шилтемеден окуй аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0