00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Талас районундагы майып балдардын үйү отуну жок калуу коркунучунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековВоспитанник детского сада в селе Мин-Куш
Воспитанник детского сада в селе Мин-Куш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыш эрте келгендиктен "Бекнур" реабилитациялык борбору жайында жыйнап алган биртике отунунун жарымын жагып коюшкан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Талас районунун Көк-Ой айылындагы "Бекнур" реабилитациялык борбору жакын арада жылуулуксуз калуу алдында турганын аталган борбордун жетекчиси Эрмек Жоробекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган борбордо тубаса шал оорусу менен ооруган 20 бала бар.

Жоробекованын айтымында, быйыл кыш эрте келгендиктен жайында жыйнап алган биртике отундун жарымын жагып коюшкан.

"Эки эле бөлмөгө — балдардын жаткан жери менен ойногон жерине гана жылуулук берип жатабыз. Бардык бөлмөнү жылытканга мүмкүнчүлүк жок. Жылыткыч сайсак электр энергиясы көп коройт. Азыр өтө суук болгондуктан бардыгын колдонуп жатабыз. Балдар өздөрү оорукчан болсо аларды жылуу кармаш керек да", — деди ал.

Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кара-Кулжанын акими Алиязов: райондо 9 мектеп менен 5 бала бакча убактылуу жабылды
Жоробекова аларга электр энергиясы коммерциялык жактарга берилгендей 2,15 сомдон экенин айтып, бул да болсо аларга оорчулук алып келерин белгиледи. Учурда мекеменин жарык үчүн болгон карызы 22 миң сомго жакындап барган.

Ал эми өкмөттүн Талас облусундагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев Көй-Ой айылындагы "Бекнур" реабилитациялык борбору тууралуу кабардар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Талас районундагы майып балдардын үйү отуну жок калуу коркунучунда турат

"Бекнур" боюнча кабардарбыз. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен аларга көмөктөшкөнгө аракет кылабыз", — деди ал.

Кенекеев ошондой эле облустагы муниципалдык жана мамлекеттик бала бакчалар толук түрдө көмүр менен камсыздалганын билдирип, азыр көмүрдүн бир тоннасы 3800-4600 сомдон сатылып жатканын кошумчалады.

Погода в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Түнкүсүн айрым жерлерде суук 25 градуска жетет
Өкмөттүн өкүлү 3-декабрь майыптардын күнүнө карата облус боюнча майыптарга жардам берүү боюнча бир айлык жарыяланганын белгиледи.

"3-декабрь — майыптар күнү. Андыктан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кам көрүп, аларга колдон келген жардамды беребиз. Аларга материалдык жардам берүү үчүн марафон өткөрүлөт", — деди ал. 

Талас облусу боюнча жалпысынан майыптардын алты үйү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0