ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Түнкүсүн айрым жерлерде суук 25 градуска жетет

Жазылуу
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатаарын Кыргызгидромет кызматы эскертет.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. 21-23-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Снегопад в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Эми аялдамада тоңуп турбайсыз: бишкектиктер үйүнө бекер жете алышат
Маалыматта Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде түнкүсүн 10… 15 градус суук болору айтылат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө суук 5…10, ал эми Нарын дубанында жана тоолуу райондордо 13… 18 градуска суук төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо 20…25 градуска чейин түшөт. 

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатаарын Кыргызгидромет кызматы эскертет.

Ошондой эле Бишкек — Ош жолунун 121-138- чакырымында, андан сырткары 198-275-жерлеринде жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолундагы Тамчы аймагынын 74-76-чакырымдарындагы, Каракол — Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарындагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Андыктан айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды чектөө керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0