Бакка, эстеликке үгүт кагаздарын чаптаган партиялар шайлоодон четтетилиши мүмкүн

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУничтожение бюллетеней по выборам мэра Екатеринбурга, прошедших в 2008 году
Уничтожение бюллетеней по выборам мэра Екатеринбурга, прошедших в 2008 году - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин жарлыгына ылайык, 405 жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. Туура бир ай калганда, 11-ноябрда, үгүт иштери башталды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Үгүт кагаздарын бактарга жана эстеликтерге чаптаган партиялар шайлоодон четтетилиши мүмкүндүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Октябрда Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык 405 жергиликтүү кеңешке (384 айылдык, 21 шаардык) болгон шайлоо 11-декабрда өтөт. Бүгүн 11-ноябрдан тарта үгүт иштери башталды.  

"Бизге Бишкек мэриясы үгүт кагаздарын бактарга, эстеликтерге чаптоого тыюу талабы менен кайрылды. Үгүт кагаздарын эстеликтерге, бактарга, жеке объектилерге ээсинин уруксаты жок илүүгө болбой турганын түшүнөбүз. Биз шаардын тазалыгын өз калыбында сакташыбыз керек", — деди Шайлдабекова.

Анын айтымында, эрежени бузгандарга алгач эскертүү берилип, экинчи жолу кайталанда аймактык шайлоо комиссиясы аталган партияны шайлоодон четтетүү боюнча сунуш киргизе алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0