Дарыгер: Азиз Мурадиллаев бүрсүгүнү Кыргызстанга кайтат

© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым"Курманжан датка" тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда
Курманжан датка тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер Москва убактысы менен бүгүн саат бирде ооруканадан чыгарылып, Кыргызстанга 26-октябрга караган түнү учканы жатат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Белгилүү актер Азиз Мурадиллаевдин боору Түркияда алмаштырылышы ыктымал, ал үчүн үч донор табылды деп Sputnik Кыргызстан агенттигине Москвадагы оорукананын ординатору Замир Асанов билдирди. 

Анын айтымына караганда актер Москва убактысы менен бүгүн саат бирде ооруканадан чыгарылат. 

"Мурадиллаев 26-октябрга караган түнү Кыргызстанга учат. Мекенде бир жарым айдай дарыланып анализдерин кайрадан Москвага жөнөтөт. Андан кийин Түркияга боорун алмаштыруу үчүн учушу ыктымал", — деди Асанов. 

Ал белгилегендей боор алмаштыруу анализдердин жыйынтыгына байланыштуу болот.

"Индиянын адистери операциясыз дарылайбыз деп жатышат. Бирок бардыгы анализдердин жыйынтыгына жараша болот. Эгер актердун абалы жакшырып калса, анда операциясыз дарылануу үчүн Индияга жөнөйт", — деп ырастады Асанов. 

Эскерте кетсек, Азиз Мурадиллаев боор илдетине кабылып ооруканага жаткырылыган. Алгачкы операция Москва шаарында жасалып, ийгиликтүү өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0