Сосновкадагы ири унааларга коюлган чектөө алынды

Жазылуу
Кечээ жолду кардан тазалоо иштери жүрүп, ага тийиштүү техника менен жумушчулар тартылган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат 7.00дөн баштап Бишкек — Ош унаа жолундагы жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-октябрда жолдун 119-120-чакырымын кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүп, тазаланган. Ага тийиштүү техника менен 15 жумушчу тартылган.

Мындан улам ири жүк ташуучу унаалар үчүн жол ачык болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0