Бишкек – Ош кан жолуна кайрадан жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек - Ош жолундагы туннель. Архив
Бишкек - Ош жолундагы туннель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөө буга чейин да коюлуп, бүгүн түшкө маал алынган болчу.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын жол кыймылына кайрадан чектөө коюлганын ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош кан жолунун 119-120-чакырымдарында жол тайгак болгонуна байланыштуу унаалардын жол жүрүүсү кыйындаган.

"Азыркы учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорго кум-туз себүү иштери жүрүп жатат. Жеңил унаалар үчүн чектөө жок. КР ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт. Ошондой эле айдоочуларга унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну, чынжырча, күрөкчө, аптечканы алып жүрүү зарылдыгын эскертет", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 18-октябрда да чектөө киргизилип, ал 20-октябрда алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0