БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев актер Азиз Мурадиллаевдин операциясы үчүн акча бөлүүнү тапшырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эскертсек, буга чейин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова таланттуу актер Азиз Мурадиллаевге жардам керектигин жазган. Анын бул демилгесин башкалар да колдоп, актерге акча чогултуу жараяны башталган болчу. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы актерге жардам берүү маселесин талкуулашкан.
Маалыматка ылайык, президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондусунан 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүнөт.