Назаренко, Исаков, Кененсаров президенттен мамлекеттик сыйлыктарды алды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлоо аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлоо аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцев - Sputnik Кыргызстан
1/5
Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИчки иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Данияр Абдыкаров "Эрдик" медалын алды.
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцев - Sputnik Кыргызстан
2/5
Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Данияр Абдыкаров "Эрдик" медалын алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Даңк" медалы менен "Город-312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко (Ая, автор.) сыйланды.
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцев - Sputnik Кыргызстан
3/5
"Даңк" медалы менен "Город-312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко (Ая, автор.) сыйланды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент "Эл жазуучусу" наамын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор Кадыркул Даутовго тапшырды.
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам - Sputnik Кыргызстан
4/5
Президент "Эл жазуучусу" наамын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор Кадыркул Даутовго тапшырды.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев "Азия-MIX" КВН командасынын жетекчиси Элдияр Кененсаров КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер" наамына ээ болду.
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам - Sputnik Кыргызстан
5/5
"Азия-MIX" КВН командасынын жетекчиси Элдияр Кененсаров КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер" наамына ээ болду.
1/5
Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
2/5
Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Данияр Абдыкаров "Эрдик" медалын алды.
3/5
"Даңк" медалы менен "Город-312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко (Ая, автор.) сыйланды.
4/5
Президент "Эл жазуучусу" наамын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор Кадыркул Даутовго тапшырды.
5/5
"Азия-MIX" КВН командасынын жетекчиси Элдияр Кененсаров КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер" наамына ээ болду.

Президент өз кесибинин өтөөсүнө чыгып, башкаларга үлгү болгон, мамлекеттин өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп жаткан адамдарга жогорку сыйлыктарды тапшыруу чоң кубаныч экенин белгиледи. 

"Сиздер мындан да жогорку сыйлыкка татыктуусуздар. Ар бириңиздер ак эмгек, адал мээнетиңиздер менен өлкө тынчтыгын, туруктуулукту жана көп улуттуу Кыргызстан элинин ынтымагын, биримдигин сактоого бараандуу салым кошуп жатасыздар", — деди Атамбаев.

Ал кесипкөйлүгү менен ийгиликтерге жетишип, өлкөгө эмгеги сиңгендерди мамлекет ар дайым колдоого тийиш экендигин баса белгиледи.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Сыйлык тапшырган Атамбаев Исаковдун улуттук кызыкчылыктарды коргоодо өзүнө көрсөткөн жардамын жогору баалады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен өлкө аймагындагы 100 жаштан ашкан карыяларга 10 000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев кылым жашаган карыяларга 2 миллион 380 миң сом бөлдү
Андан тышкары ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Данияр Абдыкаров "Эрдик" медалын алды.

Ошондой эле "Даңк" медалы менен "Город-312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко (Ая, автор.) сыйланды. "Азия-MIX" КВН командасынын жетекчиси Элдияр Кененсаров КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер" наамына ээ болду.

Президент "Эл жазуучусу" наамын Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор Кадыркул Даутовго тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо Атамбаев бардык сыйлык ээлерине 10 жана 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын тапшырды. Бул каражаттар Мамлекет башчысынын чечими менен президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0