Салык кызматы: Ошто түн ичинде мушташкан салыкчы жазага тартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМушашып жаткан адамдар, архивдик сүрөт
Мушашып жаткан адамдар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрдын башында аталган кызматкер "Тазалыктын" жумушчусу менен мушташып кеткен.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ошто түнкү мушташка катышкан Кара-Суу райондук салык органынын кызматкери Ариет Мамажакыпов териштирүүнүн жыйынтыгы менен жазалана турганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 5-октябрга караган түнү Кара-Суу районундагы "Кара-Суу" базарынын аймагынан "Тазалыктын" кызматкери менен салыкчы мушташып, экөө тең бири-биринин үстүнөн арыз жазган.

Кара-Суу: Тазалыктын кызматкери менен салыкчынын мушташынын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу: "Тазалыктын" кызматкери менен салыкчынын мушташынын чоо-жайы
"Төрага Замирбек Осмонов мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганы боюнча тийиштүү кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкерге карата чаралар колдонулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ош ОИИБдин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев учурда мушташтан жабыр тарткандардын үстүнөн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын жана анын жыйынтыгы боюнча кайсы берене менен кылмыш иши козголору аныкталарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0