Ош: Кара-Сууда салыкчы менен "Тазалыктын" кызматкери мушташты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМуштум, архивдик сүрөт
Муштум, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" ишканасынын кызматкеринин айтымында, салыкчы анын аялын зордуктоого аракет кылган. Бирок салыкчы айтылгандарды төгүнгө чыгарып, "түн ортосунда көчөдө жалгыз калган аял үчүн кабатыр болгонун" айтууда.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Кара-Суу" базарында салыкчы менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери мушташканын Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

"Шаршемби күнгө караган түнү бизге эки арыз келип түштү. Бирөөнү салык кызматында иштеген жаран жазса, экинчисин "Кара-Суу" базарын жыйнаган "Тазалык" ишканасынын кызматкери жазган. Экөө бири-бирин айыптап, денеге залал келтиргенин айтышууда", — деп Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Азыр экөө тең ооруканада дарыланууда. Учурда сот медициналык экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо, же козгобоо маселеси чечиле турганын милициядан маалымдашты.

© Фото / Зульфия Тургунова"Тазалык" ишканасынын кызматкери Эркин Алмакеев
Сотрудник Тазалыка Эркин Алмакеев - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" ишканасынын кызматкери Эркин Алмакеев

Ал ортодо "Тазалыктын" кызматкери шейшемби күнү түндө аялы экөө базарды тазалап жүргөнүн айтат.

"Аялым менден 15 метрдей ары жакта болчу. Анын кыйкырганын угуп, чуркап бардым. Аны бейтааныш мас киши колунан кармап жетелеп баратканын көрдүм. Биз мушташа кеттик. Андан кийин ал тааныштарына чалды. Төрт киши келип, мени сабап кетти. Базардын күзөтчүлөрү окуяны жөн гана карап турушту. Милиция келип бизди РИИБге алып кетти. Ал жактан мен түшүнүк кат жазып, андан соң ооруканага келдим", — дейт "Тазалыктын" кызматкери Эркин Алмакеев.

Райондук прокуратурага Эркиндин агасы арыз жазган.

Снимок со страницы социальной сети Facebook, видео, на котором два мальчика (примерно семи-восьми лет) жестоко дерутся друг с другом под одобрение окружающих их взрослых - Sputnik Кыргызстан
Интернеттеги чоңдор сүрөп мушташып жаткан балдардын видеосу талкуу жаратты
"Азыр мага мени сабаган кишинин тааныштары келип жатат. Менин аялымды зордуктоого аракет кылган киши салык кызматында иштерин билем. Аты Ариет. Анын атынан келип жаткан кишилер бизден арызды алгыла деп жатат. Андай кылбасам, мени Кара-Суу районунда жашай албай каласың деп коркутушууда. Мен арызымды албайм. Аны жоопкерчиликке тартсын. Акырына чейин турам. Мен таштанды тазаласам эле адам катары көрүшпөйбү?", — деп суроо салат Алмакеев.

Кара-Суу райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери Нурбек Рыспаевдин айтымында, Эркин Алмакеевдин абалы оор. Анын бети төрт жеринен тигилген. Учурда медициналык текшерүүдөн өтүп, керектүү жардамдар берилүүдө.

Эркин Алмакеев "Тазалык" ишканасына 2016-жылдын июль айында орношкон.

"Тазалык" ишканасынын кызматкеринин үстүнөн арыз жазган Ариет М. аттуу жаран чынында салык кызматында иштейт.

"Анын айтымында, ал арак ичип, үйүнө кайтып келе жатып, көчөдөн аялды көргөн. Ага түн ортосунда аны ким көчөгө коё берген деп кыйкырган. Бир аздан кийин эле чоочун киши чуркап чыгып аны сабап баштады", — деп айтканын Ош ОИИБдин маалымат кызматы маалымдады.

Мушташкан эки жарандын тең канынан алкоголь табылганын эксперттер аныктаганын милициядан кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0