БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова эч бир ишкананын акционери болбогонун, анан калса "Альфа Телеком" (MegaCom соода маркасы) ЖАКына тийиштүү субъектилерге тийиштиги жоктугун жума күнү болгон брифингде билдирди.
Салянованын айтымында, бул материал фракция мүчөлөрүн "каралоо" максатында жазылган. Эл өкүлү башкы прокурор болуп иштеп турганда MegaCom боюнча сот иши жүргөнүн айтты. Эгер сот "Альфа Телекомдун" 51 пайыз акциясын алууну мыйзамсыз деп тааныса, бул "Бимоком" ЖЧКсына өтүп кетмек. Башкача айтканда, мамлекетке эмес, жеке тараптарга кетип калмактыгын белгиледи.
"2012-жылдан тарта мен бул маселе менен тыгыз иштедим. Биз прокурорлор менен өлкөнүн кызыкчылыгын сотто коргогонбуз. Көп иштер аткарылып, анын арты менен 51 пайыз акция улутташтырылды", — деди Салянова.
Депутат компаниянын акцияларына же башка нерселерге кымындай да кызыгуусу болгон күндө да мындай жолго бармак эместигин айтты.
"Буга деле көз жуумп койсом болмок, бирок бир кезде анын баары билинип калмак деп кооптонмокмун", — деди эл өкүлү.
Ал ошондой эле гезитке жарыяланган материалда бир гана "атамекенчилердин" аттары аталганын айтып, аны саясатташтырылган деп баалап, мындан улам "Вечерний Бишкек" басылмасын сотко бере турганын белгиледи.