Москвадагы элчилик: Атамбаевди ооруканадан чыгаруу боюнча документтер даярдалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин кызматкеринин айтымында, учурда мамлекет башчысы Москвада Борбордук клиникалык ооруканада.

БИШКЕК, 1-окт. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевди Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканадан чыгаруу үчүн тиешелүү документтер даярдалып жатат. Бул туурасында РИА Новости КРдин Москвадагы элчилигинин пресс-аташеси Гүлбарчын Байымбетовага шилтеме кылып билдирди.

Атамбаев жүрөк аритмиясына чалдыгып, учурда РФ президентинин Иш башкармалыгынын Москвадагы борбордук клиникалык ооруканасына дарыланууга келген. Президенттин маалымат кызматы апта аягында ооруканадан чыга турганын кабарлаган. 

"Бүгүн ал эч жакка учпайт. Азыр Москвада",— деп билдирди пресс-аташе.

Байымбетованын айтымында, азырынча Атамбаев аталган ооруканада.

"Кечээ бардык документтерди (ооруканадан чыгаруу үчүн даярдалган кагаздар – ред.) даярдап жатат деп айтышкан. Негизи, жума күнү чыгарат дешкен, бирок, кечээ чыккан жок",— деп билдирген ал.

Анткен менен элчиликтегилер президент Атамбаев бүгүн ооруканадан чыгат деп үмүттөнүп турат.

Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди жабыркаткан жүрөк аритмиясы. Оорунун себептери жана кесепеттери
"Ал жерде элчи жүрөт (КРдин Россиядагы элчиси — ред), балким, жетишип калаттыр",— деген ал.

Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны Тез жардам алып кеткен. Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашкан. Ал эми 23-сентябрда өлкө башчысы ден соолугун чыңдоо үчүн Москва шаарына учуп келген болчу.

Алмазбек Атамбаевге буга чейин кандай операциялар жасалып, кайсы өлкөдөн медициналык кароодон өткөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0