Кыргыз-казак чек арасы өткөрүү жайларындагы ремонттон улам жабылат

Жазылуу
Өткөрүү жайлары ремонттон кезек-кезеги менен өткөрүлөт. Курулуш иштери качан аяктары азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасын көзөмөл пункттарындагы оңдоо иштеринен улам жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Министр: Сосновкадагы посттон былтыр 63 млн. сом чогулган
Маалыматка ылайык, "Токмок", "Кең-Булуң", "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" өткөрүү пункттарында курулуш иштери жүрөт. Алгач ремонттон өтө турган "Токмок" жайы 25-сентябрдан тарта жабылат. Анын оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, иши калыбына келтирилгенден кийин кезек "Кең-Булуң", "Чалдыбар" өткөрүү жайларына келет. 

Ал эми "Ак-Тилек" пункту ишин токтотпойт.

Ремонт иштеринин качан аяктары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0