00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
10:08
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2030-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү: негизги багыттар жана максаттар
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-аш коопсуздугу камсыздалат — ЕАЭБдин техрегламенттери кандай иштеп жатат?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Финансовая безопасность со школы: в КР учат подростков распознавать мошенничество и защищать свои деньги
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
13 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:14
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Түндүктөн түшкөн редактор" же саясатта орду жоктолгон Эшимканов. Эскерүүлөр

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаЖурналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов. Архив
Журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов тирүү болгондо быйыл 54 жашка чыкмак. Аны замандаштары кыргыз журналистикасында эгемендүүлүк жылдарынан кийин медиарынокто өзүнчө бир агымды пайда калган редактор-журналист катары билет. Төмөндө үзөңгүлөш жолдошторун, замандаштарын жана шикирттерин кепке тарттык.

Чолпон Орозобекова: Эшимкановдун журналистикадагы ордун эч ким баса алган жок

Темир Сариев, мурдагы премьер-министр

Бунтарь экендигин өзү дайыма айтчу. Ал көптөргө кашкайтып бетке айткандыгы менен жакчу. Мелис менен баары, өзгөчө саясатчылар эсептешип турчу. Анткен менен талуу, алсыз жактары да бар эле. Эрте кетип калды жашоодон. Мага кээде Мелис саясатта жетишпей жаткандай сезиле берет. Эл менен сүйлөшө билчү, калың элди артынан ээрчите алган сапаты бар болучу. 

Кезектеги митинг. Модератор — Эшимканов. Үзөңгүлөш жүргөн Темир Сариев учурдагы саясат айдыңында Эшимкановдун жетишпей жатканын айтып эскерди
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
Кезектеги митинг. Модератор — Эшимканов. Үзөңгүлөш жүргөн Темир Сариев учурдагы саясат айдыңында Эшимкановдун жетишпей жатканын айтып эскерди

Аскер Сакыбаева, журналист

Эрте өтөрүн билгендей. Жакшы, жаманы аралашып калган бул заманда Мелис (Эшимканов – ред.) байке да бир топ кызыкчылыктардын курмандыгы болуп калгандай таасир калтырат. Тирүү кезинде эле "атам да элүүгө чыкпай өлгөн, мен деле элүүгө чыкпайм го" деп айтып калчу, балким эрте өтөрүн өзү билсе керек…

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты

Мени журналистикага үйрөттү. 1992-жылы студент кезимде келдим. Бизге эркин журналистика эмне экендигин тааныткан, такшалткан, үйрөткөн редактор болду. Кийин парламентте 2005-2007-жылдары бирге иштедик. Саясатта да өзүнүн орду бар адам эле. Депутат катары оор учурда иштештик, бетке таамай айта билген депутат катары көбүнүн эсинде калды.

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаМелис Эшимканов кудайындай көргөн Кубатбек Жусубалиев менен
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
Мелис Эшимканов кудайындай көргөн Кубатбек Жусубалиев менен

Чолпон Орозобекова, журналист, конфликтолог 

Эшимкановдун ордун эч ким баса алган жок. Журналистикадагы орду толгус экени ал каза болгондон кийин канча жыл өтсө да билинип жатат. Адамгерчиликтүү жетекчи болучу. Анын мүнөзүндөгү карама-каршылыктуу жактарын айтып сындагандар бар, бирок мен үчүн позитивдүү жагы эсте калды. Азыр эл аралык басылмалар, радиолор журналисттерди тарбиялап жатат. Бирок бир дагы жеке журналист ал кишидей болуп жаштарды тарбиялап, жогорку деңгээлдеги гезитти чыгара албады.  

Султан Раев, Маданият жана тарых жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси 

Демократиялык прессанын феномени. Достору аны кыргыз сөз эркиндигинин башатында турган адам катары баалайбыз. 90-жылдары эгемендүүлүк алгандан кийин демократиялык прессанын феномени болуп калды. Эшимканов сөз эркиндигине болгон мамилесин калтырып кетти. Анын мыктылыгын баары, анын ичинде душмандары да билчү, ийменишчү, баа беришчү. 

© Фото / из семейного архива Мелиса Эшимканова"Агымчылардын" шефтин туулган күнүнө тартуулаган белеги
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
"Агымчылардын" шефтин туулган күнүнө тартуулаган белеги

Мамат Сабыров, журналист 

Натурасы, кан-жаны менен реформатор болучу. Эшимкановду авантюрист деп калышат, бирок ал авантюрист эмес, реформатор десе туура болот. Эски стереотип менен калыптанып калган нерселер менен жашаганды жактырчу эмес. Консерватордук көз караштагы кишилерге жасагандары авантюрадай сезиле берчү. 1989-жылбы же 1990-жылбы так эсимде жок, авантюра жасап, талапкерлигин койбой эле жок жерден редактор болуп калган. Ошо кездеги гезиттерде "түндүктөн түшкөн редактор" деген атка конгон. Анан комсомолдук гезитти менчиктештире коюп, атын өзгөртүп жиберген. Аны да бир катарлары авантюра катары кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0