Фарид Ниязов: Текебаев айткандары үчүн сот алдында жооп бериши мүмкүн

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов. Архив
КР президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов "Ата Мекен" фракциясынын айткандарына жооп кайтарды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. КР президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Текебаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди курулай жаманатты кылып жатат деп айтканын президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев бүгүнкү маалымат жыйында Максим Бакиевдин Кой-Таштагы улутташтырылбай калган жерине Атамбаевдин үй салып жатканын, аталган жер тилке  колдон колго өтүп, мэр Албек Ибраимовдун жубайынан алынганын жана бул жерге Атамбаев ээ болгондон кийин Ибраимов шаар башчылыгына дайындалышы мүмкүн экенин айткан болчу. Мындан тышкары, "Ата Мекен" фракциясынын лидери аталган тилке негизинен мурда "Дастан" заводуна таандык болгонун белгиледи.

"Өлкө башчысы маңдай тери менен тапкан акчасына жер үлүшүн сатып алып, там салып жатат. Ал жерди арзыбаган акчага эмес, көп эле каражат коротуп алган. Акаев мамлекеттин акчасына курса, Бакиев уурдап там салса, Атамбаев өзүнүн акчасын салууда. Андыктан буларды аралаштырбаш керек", — деди Ниязов.

Аппараттын жетекчиси сөз болуп жаткан жердин аянты 27 гектар эмес, андан ондогон эсе аз экенин ага Албек Ибраимов айтканын билдирген. 

"Чынында былтыр Алмазбек Атамбаев жер сатып алуу жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн ири өлчөмдөгү каражат жумшаган. Анын баары декларацияда көрсөтүлгөн. Аны эч ким жашырган эмес, баары ачык", — дейт ал.

Ниязов Ибраимов бул жерди Атамбаевге бергенден кийин мэр болду деп Текебаевдин айткандарына таң калып жатканын билдирген.

"Ал бир нерсени алмаштырып алды окшойт. Мародерлор гана башка бирөөнүн мүлкүн басып алып, өздөрүнө менчиктеп алат. Ал эми бул жер ага бекер берилген эмес. Ал мыйзамдуу түрдө сатып алынган", — деди Ниязов.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүркулов: Атамбаев үй салып жаткан жер тилкесин сатып алган
Ал "Дастан" заводу апрель окуяларына чейин эле жерлерди жеке тараптарга сатканына токтолду. 

"Бул жакта аукцион болгон. Жеке менчик ээлеринен Албек Ибраимовдун үй-бүлөсү сатып алып, аны Алмазбек Шаршеновичке кайра сатышында эч кандай мыйзам бузуу жок", — дейт Ниязов.

Ар ким өзүнө жараша тыянак чыгарат деген Ниязов эгер ал сатылса, сыртынан деле көрүнүп турарын айтат. 

"Өз учурунда Текебаев Акаевден Эмен багынан жер алган, эми элдин баарын өзүндөй көрүп жатса керек. Бирок Атамбаев менен кадрдык маселелерди мындай жол менен чечип алуу болбой турганын эл билет. Текебаев өзүнүн калптары үчүн сот жоопкерчилигине тартылып калышы ыктымал", — деди Ниязов.

Ал өлкө башчысын курулай жаманатты кылуу Текебаевдин колунан келбейт деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0