Каза болгондордун сөөгүн Оштогу аба майдандан Жалал-Абадга алып кетишти

© © SputnikОш аба майданындагы тез жардам кызматы
Ош аба майданындагы тез жардам кызматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дагы төрт кыз-келиндин сөөгүн салган атайын борт Оштон учуп чыгып, Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна келип конот.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Москвадан Оштогу аба майданына алып келинген кыздардын ичинен экөөнүн сөөгүн Жалал-Абад облустарына алып кетишти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Сөөк салынган автоунааларды ӨКМ, Кайгуул милициясынын автоунаалары коштоп кетти. 

Бүгүн саат кечки тогуздар чамасында Москвадагы өрттөн каза тапкан 14 кыргыз кыз-келиндерди жүктөгөн атайын учак Ош эл аралык аба майданына конду. Ал жерден 10 жарандын сөөгү туугандары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылды.

"Ошко 10 адамдын сөөгү алып келинди, алардын алтоо Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Араван райондоруна жеткирилет", — деди Ашырбаев.

ИИМ өкүлү калганы төртөөнү автоунааларга жүктөп алып, андан ары Жалал-Абадга алып кеткенин айтты.

"Жалал-Абаддык эки жарандын сөөгүн ӨКМ, Кайгуул милициясынын автоунааларынын коштоосу менен алып кетишти", — деди Ашырбаев. 

Бишкек шаарынын мэриясындагы түшүрүлгөн желек. - Sputnik Кыргызстан
Аза кайгысы: кыргыз элине көңүл айтылууда
Дагы төрт кыз-келиндин сөөгүн салган атайын борт Оштогу аба майдандан учуп чыгып, экинчисине, Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна келип конот.

Эскерте кетсек, 28-август күнү Москва шаарынын Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан басмаканада чыккан өрттөн түнкү нөөмөттө иштеген кыргызстандык 14 кыз-келин каза болду. 

Бүгүн өкмөт Москвадан атайын борт менен алардын сөөгүн алгач, Ошко алып келди. Учак эми дагы 4 сөөк менен Бишкекке багыт алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0