Нурлан Мотуев 7 жылга эркинен ажыратылды

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага карата террористтик ишмердүүлүккө чакыруу жана диний келишпестикти козутуу күнөөсү коюлду.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Коомдук ишмер Нурлан Мотуев жети жылга эркинен ажыратылды. Аталган чечимди Свердлов райондук соту 23-август күнү чыгарганын Жогорку соттун расмий сайты кабарлайт. 

Эске сала кетсек, буга чейин Мотуев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган

Камак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот зордуктоого шектелип кармалган таксистти камакта калтырды
Мотуев "Элдик парламенттин" жыйынында шариаттын мыйзамын киргизип, "Ислам мамлекетиндегилер" сыяктуу жашоого чакырган деп күнөөлөнгөн. 

Мотуев кылмыш жаза кодексинин 226-беренесинин 2-бөлүгү (Террористтик ишмердүүлүккө чакыруу) жана 299-беренесининин 1-бөлүгү (Улуттук, расалык, диний жана аймак аралык келишпестикти козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Белгилей кетсек, буга чейин 12-майда УКМКнын кызматкерлери "мамлекеттик бийликти күч менен тартып алууга даярдык көргөн" жана "бийлик адамына карата зомбулук кылууга даярданган" деген шек менен "Элдик парламенттин" өкүлдөрү делген Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов кармалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0