Мотуев Нурлан Аманканович. Өмүр баяны

© Sputnik / Азамат АралбаевМотуев Нурлан Аманканович
Мотуев Нурлан Аманканович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Мотуев 1969-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 1987-1994 — Тюмень мамлекеттик университети, орус филологиясы;
  • 1996-1999 — АКШнын дипломатиялык академиясы.

Эмгек жолу: 

2000-жылдары "Асаба" (азыркы "Жаңы Агым") гезитинде кабарчы. 2005-жылкы "жоогазын ыңкылабына" активдүү катышкан. Ушул эле жылы Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр кенин тарапташтары менен басып алып белгилүү болгон. 2006-жылы ал уурулук, өзүм билемдик жана ири өлчөмдө каражат уурдаган деген шек менен кармалган. Бирок айыбы угузулган эмес. 

Мотуев бир нече кылмыш иштерине — бирөөнү уруу, зордуктоо жана бейбашчылыкка шектелип кармалган. 

  • 2009 — КР Президенттигине талапкерлигин койгон.
  • 2014 — КР Акыйкатчылыгына талапкерлигин койгон.

"Жоомарт" патриоттуулук кыймылынын лидери жана "Кыргызстандын чыныгы мусулмандар союзунун" төрагасы. 

Үй-бүлөлүү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0