Соцтармак: кыз-уулуңду багалбаган мекенде, кыргызмын деп кайсы арыма мактанам?

© SputnikFacebook социалдык тармагынын колдонуучусунун баракчасынан тартылган сүрөт
Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары баракчаларына аза белгисин билдирген сүрөттөрдү жүктөө менен маркумдардын тууган-туушкандырынын кайгысын тең бөлүшүп жатышат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Москвадагы өрт кырсыгынан улам кыргызстандыктар чырактай болгон 14 кыз-келининен ажырап, аза күтүп турган чагы.

Социалдык тармактын колдонуучулары баракчаларына аза белгисин билдирген сүрөттөрдү жүктөө менен маркумдардын тууган-туушкандырынын кайгысын тең бөлүшүп жатышат. Айрымдар муңдуу ыр саптарын жазышса, экинчилер бийлик өкүлдөрүн кырсыкка айыптап чыгышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги интернет колдонуучуларынын пикирлерин топтоду. 

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев чырактай кыздардын өлүмү кабырганы кайыштырганын жазып чыкты. 

Акын Жеңишбек Жумакадыр көзгө саяр алты сап ыр жазды

Жаш активист Мурат Соорбеков бирөөнү каралоодон алыс болууга чакырды

Депутат Жылдыз Мусабекова ажал бирөөгө өрт, суу, бычак болуп келерин айтып, сабырдуулукка үндөдү

Орозбай Мырзабдилаевдин ыр саптары социалдык тармакта 108 жолу бөлүшүлдү

Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого каршы чыккандар да болду

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова кыз-келиндерге шарт түзүп бере албаган мамлекетти эркин деп атоо кыйын экенин билдирди

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0