Тубаса жүрөк оорулуу беш кыргызстандык бала Германияда дарыланат

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бала. Архив
Ооруканадагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар кыргыз-герман дарыгерлери тарабынан Талас облусунан тандалып алынган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Тубаса жүрөк оорусу менен жабыркаган кыргызстандык беш бала Германияда дарылана тургандыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда балдар кыргыз-герман дарыгерлери тарабынан Талас облусунан тандалып алынган.

"Германияда бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө бардык күчтөр жумшалат. Буга байланыштуу балдар мекенге жарым жылдан кийин кайтып келишет. Аларды пластикалык хирург Бактыбек Өмүрзаков коштоп барат", — деп айтылат маалыматта. 

Төрөт үйүндөгү ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биринчи жолу боорун алмаштырган аял көз жарды
Мындай иш-чара "Бирге ден соолукка" коомдук фондунун колдоосунун негизинде ишке ашып жатат. Фонд шал оорусуна чалдыккан балдарга жардам көрсөтүү максатында 2011-жылы түптөлгөн. Кыргызстан мындай демилгеге 2013-жылы кошулуп, 2016-жылга чейин жалпы 26 бала дарылоого чакырылган. Алардын экөөнө экинчи ирет операция жасалган. Натыйжада мекенге 20 бала дени сак болуп кайткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0