Ошто ажылар Каабаны айлануунун жол-жобосун үйрөнүп жатышат

© AFP / STRМекке. Архив
Мекке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада ажылык сапардын негизги эрежелери окутулуп, видеолор көрсөтүлүүдө.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ош облусунда ажыларды окутуунун экинчи айлампасы жүрүүдө. Бул тууралуу муфтият билдирди. 

Меккада ажылыкта жүргөн мусулмандар - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчулар коопсуздук боюнча атайын окуудан өтүп жатышат
Маалыматка ылайык, облустун жети районунда ажы башчылар өзүнө бөлүнгөн топторго ажылык зыярат боюнча сабактарды өтүшүүдө.

Анда ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелери үйрөтүлүүдө. 

Белгилей кетсек, быйылкы жылы ажылык сапарга зыяратчыларды жөнөтүү 16-августта башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0