ЖКда Чубак ажынын билдирүүсүн Дин боюнча мамлекеттик комиссияга тапшыруу сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧубак ажы Жалилов. Архивное фото
Чубак ажы Жалилов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума намазы үчүн ошол күнкү түштөнүү убактысын бир саатка узартуу мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитетинде каралып, ага бир канча депутаттар каршы чыккан. Мыйзам долбооруна каршы чыккандарга экс-муфтий Чубак ажы кескин сын айтып, анын сөзү кызуу талкууга жол ачкан.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Чубак ажынын билдирүүсү тууралуу Дин боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылуу жасоону Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Альфия Самигуллина сунуштады. 

Эске сала кетсек, жума намазы үчүн ошол күнкү түштөнүү убактысын бир саатка узартуу мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитетинде каралып, ага бир канча депутаттар каршы чыккан. Мыйзам долбооруна каршы чыккандардын арасында аталган депутат да болгон. Депутаттардын мындай чечимине экс-муфтий Чубак ажы кескин сын айтып, анын сөзү кызуу талкууга жем таштаган. 

Мечитте намазга келген мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаназа. Намаз. Коомчулукту экиге бөлүп чуу салган мыйзам долбоору
"Мен Чубак ажынын кайрылуусуна абдан таң калдым. Добушум намазга каршы эмес, мен деле мусулманмын. Бизде миллиондогон адам иштейт. Андыктан жумуш күнүн бир саатка узартуу пайда алып келбейт", — деди депутат. 

Самигуллина жума күнү намаз үчүн түшкү дем алууну узартууга каршы экенин баса белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Рыскелди Момбеков бул чыр боюнча дин ишмерлери мамлекеттик башкарууга кийлигишип жатат деген пикирин айтып, маселеге өкмөт да, Жогорку Кеңеш да чара көрүүсү зарыл экенин белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0