Ошто балдарды коргоо күнүнө карата окуучулар кайрымдуулук акция өткөрөт

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын уюштуруучусу Гүлнур Абылкасымованын айтымында, акциядан түшкөн каражат айыкпас илдетке кабылган балдарга жумшалат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Ош шаарында "Ак турнаны сатып ал" акциясы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Шаттык" балдар борборунун жетекчиси Гүлнур Абылкасымова билдирди. 

Анын айтымында, иш-чара аталган борбор тарабынан демилгеленип, айыкпас илдетке чалдыккан балдарга жардам берүүнү көздөйт. 

"1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарында акция өткөрөбүз. Анда биздин борбордун балдары тарабынан кагаздан жасалган ак куулар сатыкка коюлат. Бир даанасы 30 сом деп бааланууда", — деди Абылкасымова. 

Анын айтымында, борбордо балдар кагаздан ак кууну көп жасашат. 

"Жасалган ак кууну сатып, балдарга жардам бергибиз келет. Мэрия тарап уюштуруу жагына көмөктөшүүгө макул болду", — деди борбордун жетекчиси. 

Ал жасалган турналар Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө 1-июнь күнү сатыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0