"Тазалык" жер алдындагы өтмөктөрдү иретке келтирип жатат

© Фото / Данияр СандыбаевЖер алдындагы өтмөк. Архив
Жер алдындагы өтмөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкекжарык" ишканасы жер алдындагы өтмөктөрдөгү жарыктандыруу системасын оңдоого алат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жер алдындагы өтмөктөрдү иретке келтирип жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Тазалык ишканасынын кызматкерлери шаардагы арыктарды  тазалоо иштерин жүргүзүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Шаардык кызматтар арыктарды тазалоону улантып жатышат
Маалыматка ылайык, муниципалдык ишкананын кызматкерлери Лев Толстой, Байтик баатыр, Алматы жана Фучик көчөлөрү менен Түштүк магистраль жолундагы адам өткөн жолдорду тазалап жатышат. 

Бишкекте жалпы 11 жер алдындагы өтмөк бар. Алардын бешөөсү Ленин районунда болсо, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов райондорунда экиден өткөрмөлөр жайгашкан. 

Жакынкы аралыкта "Бишкекжарык" ишканасы жер алдындагы өткөрмөлөрдөгү жарыктандыруу системасын оңдоого алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0