Кыргызстанда музейлер жумалыгы башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМузейлер жумалыгынын катышуучулары
Музейлер жумалыгынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара өлкөнүн ар аймактарында өткөрүлөт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандын аймагында музейлер жумалыгы башталды. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан билдиришти. 

Биг бен сааты, Лондон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Лондондо өтө турган "Этно Арт Фестке" чакыруу алды
Маалыматка ылайык, 11-29-май аралыгында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга арналган республикалык көргөзмө жана Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин "Үркүн-1916" аттуу жеке көргөзмөсү уланууда. 

Ал эми Михаил Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй-музейинде "Музей жана балдар" сынагы менен "Биз музейге барабыз" темасында викториналар менен мастер-класстарды уюштуруу пландалууда.

Маалыматта музейлер жумалыгы өлкөнүн башка аймактарында дагы өткөрүлүп, көргөзмөлөр уюштурулары белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0