Сузактагы жер көчкүдөн жабыркаган элге 50дөн ашуун дарыгер кызмат көрсөтүүдө

© пресс-служба МЧС КРСузактагы жер көчкү. Архив
Сузактагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган райондун Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп, бир окуучуну басып калган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында кырсыктан жабыркаган элге жардам көрcөтүү максатында дарыгерлердин эки бригадасы кызмат кылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо координатору Маматжан Миянов билдирди.

Анын айтымында, жер көчкүгө күбө болгон айылдыктар психологиялык терс таасир алышы мүмкүн. 

"Жергиликтүү калкты тейлөө үчүн Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан беш медициналык персоналдан турган эки тез жардам бригадасы жөнөтүлгөн. Андан тышкары, жалпы саны 50дөн ашуун медициналык кызматкер эл арасында иш жүргүзүп жатышат", — дейт Миянов. 

Мындан сырткары, 150дөй кызматкер коркунуч күтүлүүчү жерлерге мониторинг жасашууда.

Эскерте кетсек, 27-апрелде саат 17:50 чамасында Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп, бир окуучуну басып калган. Учурда жер көчкүнүн алдында калган 2000-жылкы Урматбек уулу Эрланды издөө иштери жүргүзүлүп жатат. ӨКМнин маалыматы боюнча, апасы Гүлжамал Салибаева Россияда. Эрлан жездеси Сагын Тайлаковдун үйүндө жашап келген.

Буга чейин 24-апрелде ошол эле Алмалуу-Булак айылындагы Үч-Чат тилкесинде көлөмү 1 миллион 200 миң куб метр жер көчкү жүрүп, 73 турак үйгө коркунуч жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0