Академик Бүбүйна Орузбаева "Эл баатырына" көрсөтүлөт

Жазылуу
Бүбүйна Орузбаева Улуттук илимдер академиясынын анык мүчө-академиги, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Аялзатынан чыккан алгачкы илимдин доктору, академик Бүбүйна Орузбаеваны "Эл баатыры" наамына көрсөтүү аракеттери көрүлөт. Бул тууралуу Илимдер академиясы билдирди. 

Чыпалак баатыр Зарылбек Аликенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара күчтүн аталары же кыргыздан чыккан азыркы балбандар
Маалыматта айтылгандай, Орузбаевага арналып конференция өтүп, анда академиктин ысымын Бишкек менен Каракол шаарларындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу, жыл сайын илимий конференцияларды өткөрүү жана тандалма эмгектерин чыгаруу аракеттери талкууланды. 

Конференцияга Орузбаеванын бир тууганы Гүлмайрам Ноорузбаева катышып, эжесинин жасаган эмгектерин эскерди. 

"Бүбүйна эжем тил болбосо мамлекет болбойт деп Ишеналы Арабаевдин тил илимине кошкон салымы, жасаган эмгектери жөнүндө ачык айтып, ага жогору баа берген. Бийлик бул сөзүн туура эмес көрүп, аны партиядан чыгарып, институттун директорлугунан түшүргөн", — деди сиңдиси.

Белгилей кетсек, Бүбүйна Орузбаева Улуттук илимдер академиясынын анык мүчө-академиги, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. 

Академик Бүбүйна Орузбаева 1924-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулуп, 2013-жылы 28-октябрда 89 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0