Пин-номер үчүн нааразы болгон ата-энелер, кысталган окуучулар

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бара жаткан окуучулар. Архив
Көчөдө бара жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пин-номерлүү балдарга ата-энеси жок эле паспорт алууга укук берилет. Бирок, ата-энелер жаңы системанын артыкчылыктары тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришүүдө. Алар окуучулар кысымга алынып жатканын айтат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Баласы №28 мектепте окуган Камила Касымова мугалимдер "Пин-номер" эмнеге керек экенин өздөрү билбей туруп, балдардан ата-энесинин документ көчүрмөсүн талап кылып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин орто мектептин окуучуларына жеке идентификациялык номерлер ыйгарылары айтылган. Берилген номерлер окуучулардын ата-энесинин пин-номерлерине байланыштуу болот. Эки айдын ичинде бир миллионго жакын окуучуга идентификациялык номер берүү пландалып жаткан.

"Өткөн жумада балам мугалимдер менин документтеримдин көчүрмөсүн сурап жатканын айтты. Эмне кылышат экен, десем "бизге айткан жок" деди", — деп билдирет Касымова.

Анын айтымында, буга чейин ата-энелер чогулушу болгон, бирок жыйналыш түшкү саат 13:00дө жана 16:00дө болуп келгендиктен, Касымова иштен бошобой бара албай калган.

"Ата-энелер чогулушун жок дегенде 17:30га уюштурганда бармакмын. Ага чейин жумуштан бошобойм. Бирок, балдарымды күнүгө сабагына алып барып, алып кетип турам. Бүгүн кызымды сабагына жеткирип барып, мугалимден документтерди эмнеге сурап жатышканын сурасам "билбейм, иши кылса директор чогулткула деген" деп айтты. Мугалимдер өздөрү билбесе, биз эмнеге беришибиз керек? Ата-энелер мал эмеспиз да", — дейт Касымова. 

Анын айтымында, ата-энесинин документтерин алып келбеген окуучуларды мугалимдер ыйлатып туруп, сабактан чыгарып коюп жатышат.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала бакчаларды газдаштырууга 40 жыл мурун кабыл алынган эреже жол бербейт
"Кызымды сабагына таштап чыгып бара жатсам, бир кичинекей окуучу кыз ыйлап туруптур. Эмне болгонун сурасам, эжекеси ата-энесинин документ көчүрмөсүн алып келбегени үчүн сабактан чыгарып коюптур. Ачуум келип директоруна кирсем, иш ордунда жок экен. Анан кыздын ата-энесине чалып, мугалими менен сүйлөштүрдүм. Ошондо гана байкуш кыз сабагына кирди", — дейт Касымова.

Мыйзам чегинде жеке маалыматын кимдир бирөөгө берер-бербесин өзү чечерин айткан Касымова мугалимдер тарабынан толук маалымат берилмейин документтин көчүрмөсүн тапшырбай турганын кошумчалады. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганда Өнүгүү, мониторинг жана инновация бөлүмүнүн башкы адиси Асел Орозалиева жеке маалыматтарды тапшыруу бекер болуп турганда мүмкүнчүлүктү пайдаланып азыр тапшырууну сунуштай турганын билдирди.

"Ата-энелер балдарына пин-номер алуудан баш тартууга акылуу. Ал үчүн бизге арыз жазып кайрылса болот. Бирок, акыры бир күнү пин-номер алууга муктаждык жараларын унутпаш керек. Мисалы, бала чет мамлекетке чыгарда же жалпы жарандык паспорт алууда пин-номер суралат. Ал учурда пин-номер алуу үчүн акча төлөп, эки жакка чуркоого туура келет", — дейт Орозалиева. 

Ал мугалимдер арасында окуучуларга карата кысым көрсөтүлүп жаткан жагдайлар чындыгында болуп жатканын моюндады.

Планшет менен колдонуп жаткан мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлиги: окуучулар планшет менен 2025-жылы камсыздалып бүтөт
"Мугалимдер окуучуларды сабактан кетирип, эки коюп, күндөлүккө жазып берип жаткан учурлар болуп жатат. Бул тууралуу бизге бир нече ата-эне кайрылды. Бирок, тилекке каршы кайсы мектептерде ушундай көрүнүштөр болуп жатканын айтпай жатышат. "Балдарыбызга залакасы тийип калат" деп коркушат", — дейт Орозалиева. 

Ал ата-энелерден түшкөн арыздардан улам, мугалимдерге түшүндүрүү иштери кайрадан жүргүзүлө баштаганын кошумчалады.

Ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда ажырым жараткан "пин-номердин" зарылдыгы менен артыкчылыктары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитиов айтып берди. 

"Пин-номер жалпы калктын так санын көзөмөлгө алууга шарт түзөт. Бул мамлекет үчүн дагы, жарандар үчүн дагы керектүү нерсе", — дейт Эржигитов.

Анын айтымында, балдар адашып же жоголуп кеткен маалда пин-номер аркылуу ата-энелерин тез эле аныктап коюуга да шарт түзүлөт. Мурда өзгө баланы өзүмдүн балам деп алдагандар болсо, эми ага чекит коюлат. 

Каттоо кызматынын өкүлү Эржигитов пин-номердин мындан башка дагы артыкчылыктарын атады: 

  • Пин-номер бир адамга өмүрүндө бир эле жолу берилет;
  • Ал жаңы төрөлгөн баладан 11-класстын окуучусуна чейин ыйгарылат;
  • Персоналдык номери жок бала Кыргызстанга тиешеси жок болуп эсептелип, эч бир документ алалбай калат;
  • Окууга тапшыра албай, жумушка да орношо албайт;
  • Пин-номер кагаз түрүндө берилбейт, ал маалымат базада гана сакталуу болот;
  • Пин-номери бар бала 16 жаштан жогору болсо, ата-энеси жок өзү эле барып паспорт ала алат. Ал башка адамдын атынан паспорт алып албашы үчүн биометрикалык маалыматы текшерүүгө алынат;
  • Ал эми 16 жашка чейинкилер ата-энесинин коштоосунда гана паспорт алууга укуктуу;
  • Ата-энеси мигрант болуп жүргөндөр жеке маалыматтарын WhatsАpp же электрондук почта аркылуу жөнөтсө болот;
  • Баланын пин-номери ата-энесинин пин-номерине байланыштуу болот. Мисалы, баланын аты-жөнүн базага тергенде шилтеме менен ата-энесинин маалыматтары кошо чыгат;
  • Мындай система өлкөдөгү жарандардын так санын көзөмөлгө алуу үчүн жүргүзүлүп жатат;
  • Учурда окуп жаткан мектеп окуучуларына пин-номер берүү үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин уланат. 

Маалыматка ылайык, бул иш-чара электрондук өкмөттү түзүү долбоорунун алкагында жүгүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0