Медакадемиянын студенттери эл аралык олимпиадага барат

© Байгелди НурдиновЭл аралык олимпиадага барат турган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери.
Эл аралык олимпиадага барат турган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиададан тышкары беш студент Кыргызстандын атынан илимий-практикалык конференцияга катышат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери тарых, латын тили жана анатомиялык терминология боюнча эл аралык олимпиадага катыша турганын команданын жетекчиси Байгелди Нурдинов билдирди.

Бишкектик 3 окуучу эл аралык жарыштан алтын баштаган 11 медаль алып келишти
Иш-чара 14-15-апрель күндөрү Новосибирск шаарынын медицина университетинде өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Мындан тышкары, студенттер жетинчи ирет өтө турган "Авиценна – 2016" аттуу россиялык илимий-практикалык конференцияга барат.

Кыргызстандык команда академиянын экинчи курсунда окуган Байгелди Нурдинов, Ажар Жантаева, Хожиакбай Ахмедов, Жанара Алтынбекова жана Бегимай Үсөнбаевалардан турат.

Жол кире окуу жайдын эсебинен төлөнмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0