БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. БУУнун Бишкектеги кеңсесине бомба коюлду деген маалымат калп болуп чыкканын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин күбөлөр Чүй проспектисинде жайгашкан БУУнун имаратынын алдынан шектүү баштыкты байкашып, милицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге Биринчи Май райондук ИИБдин кызматкерлери келишкен.
Милиция шектүү баштыкта эмне болгонун маалымдай элек, себеби, аны Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын саперлору алып кетишкен.
Имараттын айланасына коюлган тосмолор алынды.