Жапырт банкрот болгон дыйкандар жана министрликтин кыл учундагы тагдыры

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКампадагы картошка. Архив
Кампадагы картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пайдасы азайган картошканы көлдүктөр кайрадан эгүүгө аргасыз. Анткени, быйылкы өтпөй жаткан картошкаларды үрөн катары колдонбосо, жараксыз болуп калышы ыктымал. Бул арада парламентте Айыл чарба министрлигинин тагдырын чечүү боюнча сунуштар каралганы жатат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Убагында үрөн үчүн картошканын бир килограммын 25-30 сомдон сатып алган көлдүк дыйкандар, алган түшүмүн 1,5 сомдон сата албай отурат. Бул тууралуу маалыматты Түп районунун тургуну Турсунбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Былтыр картошка эгүү максатында Айыл банктан 10 пайыздык үстөк менен 300 миң сом насыя алгам. Эгин жыйналгандан бүгүнкү күнгө чейин картошканын баасы чыкпай, учурда такыр эле 1,5 сом болуп калды. Аны дагы жөн алышпай тандап, тебелеп-тепсеп жатышат", — деп билдирет Абдылдаев.

Дыйкан картошканы убагында беш сомдон сатууга үлгүрсө да 200 миң сомго банкрот болгонун айтат.

"Жер иштетүүгө 300 миң сом кеткен. Картошканы сатканда 100 миң сом эле болуп калды. Эми ай сайын насыянын 60 миң сом үстөк пайызын дагы төлөп жатам. Ал эми 1,5 сомдон сата тургандар такыр эле сызга отурушту го", — деп кошумчалайт Абдылдаев. 

Көлдүктөргө көңүл айткан агроном

Агроном Өмүрбек Муканбетов күн ысыганча көлдүктөр картошкасын сатып түгөтпөсө талаага төгүүгө туура келерин айтат. 

"Картошканы келерки сезонго чейин жер төлөдө сактап калуу мүмкүн эмес. Күн ысыганда ал өнө баштайт. Сактап калууга бир эле жол бар. Ал үчүн муздаткычы бар жер төлө керек. Бирок, андай нерсе биздин дыйкандарда жок", — дейт Муканбетов. 

Үмүт шооласы үзүлгөн дыйкан

Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын тургуну Айбек Акматов жер иштетүү тозокко айланып баратканын айтат.

"Жерди иштетүү чоң эмгек менен каражатты талап кылат. Техника жалдоо менен күйүүчү майды эсептебегенде жумушчуларга көп акча кетет. Бир жумушчу кеминде 600-700 сомго иштейт. Үй-бүлөңдү кошпогондо 10 адамды жалдайсың. Суу талашуу өзүнчө көйгөй", — дейт Акматов. 

Өрүк дарагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластыктар кара өрүк тигүүгө кызыга баштады
Ал Айыл чарба министрлиги дыйкандарга багыт берип турса, жеңил болмок беле деген ойдо.

"Буудай эксек — буудай арзан, арпа эксек — арпа арзан. Төө буурчак да эгип көрдүк, анын да баасы төмөндөп кетти. Айыл чарба министрлигинин аты эле болбосо, багыт бергенин көрбөдүм. Коңшу өлкөлөрдө картошка көп эгилип, баа арзандап кетти дешет. Анда эмнеге алдын ала мониторинг жүргүзүп, картошка эмес башканы эккиле деп айтышпайт?", — деп кошумчалайт Акматов. 

РИА Мода агенттигине таянган анализи жок министрлик

Sputnik Кыргызстан агенттиги Айыл чарба министрлигине караштуу азык-түлүк коопсуздугу жана агрардык маркетинг саясат башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Жумабековго кайрылып, 2016-жылга жүргүзүлгөн божомолду сурап көрдү. 

"Биз бааларды алдын ала айта албайбыз. Бирок, баланча өлкөдө, түкүнчө эгин көп эгилип жатат, баа түшүп кетиши мүмкүн деген сыяктуу кеңештерди беребиз", − деди Жумабеков. 

Быйыл кайсы жемиштер менен эгиндер коңшу өлкөлөрдө көп эгилүүсү күтүлүп жатканын, ал эгиндерди атап берүүнү сураганда эмнегедир Жумабеков "атай албайм" деп жооп берди.

Бирок, маектеш жүргүзүлгөн божомолдор Айыл чарба министрлигинин сайтына коюлуп, Экономика министрлигине жөнөтүлөрүн айтты. 

Божомолдун көчүрмөсүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти карап чыкты:

Жүк ташуучу уна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластын картөшкөсүн казактар өткөрбөй жатат. Кайчы пикирлер
Кайсы бир жемишке болгон баа 2016-жылы коңшу Казакстан менен Россия өндүргөн жемиштердин көлөмүнө жараша болот (аталган өлкөлөрдө кайсы эгин-жемиштер көп эгилери көрсөтүлгөн эмес);
  • БУУга караштуу айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча 2016-жылы төө буурчакка болгон баа 2015- жылдагыдай кармалат;
  • Кант 2015-16-жылы жогорку баада кармалат; 
  • Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн үч маалымат Айыл чарба министрлигинин жеке иликтөөсү эмес, Bloomberg, INTERFAX, РИА Мода маалымат агенттиктерине чыккан материалдардын көчүрмөсү болуп чыкты. 

    Sputnik Кыргызстан жогорудагы божомолдун пайда-батасы тууралуу агроном, дыйкан Баатырбек Эргешовдон сурап көрдү. 

    "Бул эмне деген божомол? Айыл чарба министрлиги РИА Модага чыккан маалыматка таянып, тыянак чыгарса биз банкрот болбогондо ким банкрот болмок эле?", — деген пикирин билдирди. 

    Анын айтымында, министрлик алдын ала быйылкы жыл кургакчыл же жаанчыл болорун аныктап, ошого жараша эгин эгүүнү сунушташ керек.

    Баткендиктер да ырыскысынан айрылды 

    Болуп өткөн суук аба ырайы Лейлек районунда 310 гектар жер аянтындагы бүчүр байлаган жана данектүү мөмө-дарактарды үшүк алып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Суук аба ырайы күтүлүп, үшүк жүрөрүн Кыргызгидромет эскерткен. Бирок, Айыл чарба министрлигинин сайтына кирип, бир дагы эскертме берген маалымат таба албадык. 

    Өрүктөрдү үшүктөн сактап калууга болобу?

    Баткен облусуна караштуу Карабак айылынын тургуну жана агроном Турсуналы Төлөмүшов өрүктөрдү үшүктөн сактап калууга болорун айтат. 

    "Өрүктөрдү үшүктөн сактап калуу үчүн нымдуу саманды алдына төшөп, түтөтүш керек. Бул ыкманы күнү-түнү жасоонун кажети жок. Аба ырайы түнкүсүн суук болот. Ошого ылайык түнкүсүн түтөтүп койсо, үшүк албайт", — дейт Төлөмүшов.

    Анын айтымында, үшүктөн сактануунун заманбап жолу дагы бар. 

    "Былтыр Кореяда өткөн бүткүл дүйнөлүк чарба көргөзмөсүнө баткендик бир нече тургундар барып келдик. Анда үшүктөн сактоочу каражаттар тууралуу корейлер айтып беришип, колдонуп көргүлө деп бекер эле беришти. Андай препараттар Россия менен Украинада дагы колдонулат экен", — деп кошумчалаган Төлөмүшов, быйыл бир гектар жердеги өрүгүнө аталган каражатты сээп чыкканын айтты. 

    Картошкасы өтпөй, төө буурчагы арзандаган таластыктар 

    Казакстан менен чектеш Талас облусунун тургундары лабораториянын жоктугунан коңшу өлкөгө картошкасын өткөрө албай кыйналып жатат. Анысы аз келгенсип, 120 сомдон сатылып жаткан төө буурчак капысынан 25-30 сом болуп, дыйкандар быйыл эмне эгерин билбей баштары катып турган маал. 

    Кыргызстан Өзбекстандан быйыл 140 миң тонна жер семирткич алат
    2016-жылга карата дыйкандарга берилчү кеңештер Айыл чарба министрлигинин сайтына жайгаштырылып жүрбөсүн деген ойдо agroprod.kg сайтын акмалап көрдүк. 

    Тилекке каршы, дыйкандарга багыт көрсөткөн бир дагы материал таба алган жокпуз. Сайттын "жарыялар" деген бөлүгүндө гана 2016-жылы дыйкандарга берилүүчү насыялар тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн. Калган материалдардын көпчүлүгү өтүп кеткен жылдарга байланышса, айрымдарында 2015-2020-жылдарга багытталган пландар көрсөтүлгөн.

    Айыл чарба министрлиги эмне менен алектенерин билбегендер үчүн маалымат

    Sputnik Кыргызстан агенттиги Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө жобону карап, негизги милдеттемелери менен функцияларын карап чыкты:

    • Мамлекеттин айыл чарбалык продукцияга ички керектөөсүн камсыздоо жана өлкөнүн экспорттук потенциалын арттыруу;
    • Айыл чарба продукциясын экспорттоо-импорттоонун экономикалык абалына такай анализ жүргүзүү жана анын негизинде аларды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо;
    • Артыкчылыктуу багыттардын өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү;
    • Илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
    • Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык тобокелдерди аныктайт, баа берет жана белгиленген тартипте башкарат ж.б.;

    Парламент Айыл чарба министрлигинин түзүмдөрүн өзгөртүүгө белсенип жатат

    Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров Айыл чарба министрлигиндеги пайдасы жок департаменттерди жоюп салуу маселеси келерки жумада комитетте караларын айтты. 

    "Негизгилерден болуп Суу департаменти калыш керек. Калган чарбалык департаменттердин ишин карап чыгып, өз сунушубузду беребиз. Анда Айыл чарба министрлигине караштуу бирин-бири кайталаган керексиз департаменттерди жоюп салуу каралат", — деп билдирди Бакиров. 

    Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин айыл чарба саясаты күчөтүлүп, кыска, мобилдүү департаменттерди түзүү замандын талабы болуп жатат.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0