Лейлекте 310 га жердеги мөмө-жемиш бактарын үшүк алып кетти

Жазылуу
Министрлик райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүп бүткөндөн кийин кошумча маалымат берилерин белгиледи.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Акыркы күндөрдөгү өкүм сүргөн суук аба ырайы Лейлек районунда 310 гектар жер аянтындагы бүчүр байлаган жана данектүү мөмө дарактарды үшүк алып кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-19-март күндөрү республика боюнча жаан-чачын жаап, кар түшкөн. 

Мындан улам Маргун айыл аймагында —15 гектар, Бешкентте — 50, Кулунду айыл аймагында — 105, Исфана шаарында — 28, Сумбула айыл аймагында — 5, Ак-Сууда — 16, Тогуз-Булакта — 9, Лейлекте — 7, Катран айыл аймагында — 75 гектар жердеги мөмө-жемиш дарактарын үшүк алып кетти.

Министрлик райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүп бүткөндөн кийин кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0