00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Бизнес по-женски: страхи, стратегия и формула успеха
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Горы как школа жизни: разговор с президентом Федерации спортивного туризма Кыргызстана
20:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда 10 миң чет элдик студент билим алат

© Sputnik / Михаил РогожинВид на Кыргызский Государственный Университет. Архив
Вид на Кыргызский Государственный Университет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев учурда Кыргызстандын окуу жайларында Тажикстан, Түркмөнстан жана Пакистандан студенттер келип окуп жатканын, келечекте билимди экспорттоону андан ары кеңейтүүгө ыңгайлуу шарттар бар экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 10 миңге чукул чет элдик студенттин билим алышы өлкөнүн билим берүү тармагындагы экспорттук потенциалынан кабар берет. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жакында республиканын ЖОЖ ректорлору менен биргеликте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билимди экспорттоо концепциясы талкууланган, ал жакында кабыл алынмакчы.

"Эгерде чет элдик студенттердин саны 30 миңге жетсе, алардын ар бири беш миң доллардан калтырса эле казынага 150 миллион доллар түшөт. Ошол эле учурда тыштан келип окуган студенттер квартира, тамак-аш жана тейлөө көрсөтүүлөргө да өз чөнтөгүнөн каражат төлөшөт, бул да өз кезегинде ички мүмкүнчүлүктөрдүн жакшырышына салымын кошот", — деди Сариев.

Өкмөт башчы учурда билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, эл аралык сапатка жеткирүү маселелери курч турарын белгиледи. Анын айтымында, Нарын жергесиндеги Ага-Хан долбоору ишке ашырып жаткан Борбор Азия университетинде келечекте 1200 студент кабыл алынып, 400 жакын мугалим иштемекчи, акырындык менен бул аймакты илим жана IT борборуна айлантууга мүмкүндүктөр бар.

"Мындай окуу-жайлардын катарына Америка университети, Кыргыз-Славян университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Жусуп Баласагын атындагы КУУ кирип, Орто Азияда ири билим борборуна айлануусу зарыл", — деди өкмөт башчы. 

Сариев учурда аталган окуу жайларда Тажикстан, Түркмөнстан жана Пакистандан студенттер келип окуп жатканын, келечекте билимди экспорттоону андан ары кеңейтүүгө ыңгайлуу шарттар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0