Кыргызстанда малдын шарп жана бруцеллез дартын дарысыз дарылоо ыкмасы табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүВетеринар. Архив
Ветеринар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шарп же бруцеллез менен ооруган малдан кан алынып, ал төмөнкү интенсивдүү лазердик нурдан өткөрүлүп, ооруп жаткан малга ийне аркылуу сайылат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын окумуштуулары малды дарысыз дарылоо жолун таап, ал ыкмага патент алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик менчик жана инновациялар кызматынын расмий сайтына жарыяланды. 

Мал айдаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан аймагынан ондон ашык малды мыйзамсыз айдап келе жаткан КР жараны кармалды
Маалыматка ылайык, малды дарысыз дарылоо ыкмасы менен инфекциялык ооруларды жана шарп, бруцеллездон арылтууга мүмкүн. 

Ачылыш тууралуу толук маалымат "Кыргызпатент" чыгарган "Интеллектуалдык менчик" маалыматтык бюллетенине басылып чыкты. 

Шарп же бруцеллез менен ооруган малдан кан алынып, ал төмөнкү интенсивдүү лазердик нурдан өткөрүлүп, ооруп жаткан малга ийне аркылуу сайылат. 

Шарп менен бруцеллез инфекциялык оорулардын катарын толуктайт. Ал малдан адамга жугат. Шарп ооздун шилекей бездерин жабыркатып, денени калтырак басат. Ал эми бруцеллез оорусу нерв клеткаларына терс таасирин тийгизет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0