Мамлекеттик кызматкерлер менен ишкерлердин коррупцияга каршы форуму өтөт

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнесмендер мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшүү жолдорун талкуулашат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин жана ишкерлердин коррупцияга каршы форуму өтөөрүн Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсынан билдиришти.

Иш-чара борбор калаада 25-февралда болот. Форумга бир катар мамлекеттик кызматкерлер менен бизнес уюмдардын өкүлдөрү катышып, коррупция менен күрөшүү жолдорун талкуулашат.

Жолугушууга Экономика министрлигинин, бизнес уюмдардын жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0