Студенттерден турникет алабыз деп акча талап кылышууда, жаштар каршы чыкты

© Sputnik / Андрей Старостин / Медиабанкка өтүүТурникеттен өтүп жаткан окуучулар. Архив
Турникеттен өтүп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордогу кээ бир жогорку окуу жайлар министрлик берген буйрука таянып студенттерден 250 сомдон чогултушкан.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Студенттер акча чогултууга каршы чыгып жатканы тууралуу Жусуп Баласын атындагы Улуттук университетинин студенти Нуразиз Шайырбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында аталган окуу жай турникет (кишилерди бирден жиберүү үчүн арналып кире беришке тосуп коюлган тегеренме) орнотуу үчүн студенттерден акча чогултуп жатат. 

"Учура студенттерден акча чогултуу жүрүп жатат. Мен билгенден көпчүлүгү каршы болушууда", — дейт Нуразиз.

Улуттук Университеттин маалымат кызматынын айтымында бул маселе боюнча түшүнбөстүктөр чыгып кетти. Учурда окуу жай турникеттерди коюну убактылуу токтотту.

"Улуттук университет чындыгында турникеттерди коюу аракетин көрүп жаткан. Студенттердин каршылыгынан улам иш убактылуу токтотулду. Студенттерден акчаны окуу жай эмес, турникеттерди коючу уюм чогулткан, учурда ректорат ал уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", — деп маалымат кызматы түшүндүрмө берди.

Ал эми Президенттин алдындагы башкаруу академиясында да акча чогултулуп жатканын аталган академиянын студенти Нуржигит Абдыкамилов тастыктады. 

"Академия учурда баарыбыздан 250 сомдон чогултуп жатат. Көпчүлүк студенттер буга каршы чыгышты. Быйыл бүтүп жаткан студенттерден да чогултушууда", — дейт Абдыкамилов.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто студенттен акча талап кылган аскердик кафедранын куратору кармалды
Бул иш боюнча Президенттин алдындагы башкаруу академиясы маселе каралып жатканын айтып, маалымат алуу үчүн кат түрүндө кайрылуу керектигин түшүндүрүштү. Мыйзамдын негизинде 14 күндө жооп берерин билдирди.

Учурда жогорку окуу жайлардын студенттеринен турникетке деп акча чогултуу токтотулганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордогу кээ бир жогорку окуу жайлар турникетке деп акча чогултушкан. Алар Билим берүү жана илим министрлигинен 2015 жылдын 15 декабрындагы "Билим берүү уюмундагы коопсуздукту камсыздоо" буйругун туура эмес түшүнүп алышкан.

"Ал буйрукта студенттерден акча чогултулсун деген жери жок. Мекеменин коопсуздугун камсыздоо үчүн каражаттар окуу жайдын бюджетинен каралышы керек. Учурда министрлик тараптан акча чогултууга тыюу салынды", — дейт министрлик.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча 50 жогорку окуу жай бар. Жалпы жонунан 223 миң 200 студент билим алат. Алардын он беш пайызы мамлекет тарабынан акысыз окушат. Бир жылда жогорку окуу жайлар 35 миң студентти кабыл алып, 40 миңге чукул бүтүрүүчүнү узатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0