Ошто студенттен акча талап кылган аскердик кафедранын куратору кармалды

Жазылуу
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында пара талап кылган кураторго кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 6-фев. – Sputnik. Ош технологиялык окуу жайында студенттен акча талап кылган мугалимге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта операция жасоо үчүн акча талап кылган хирургга кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасына Ош технологиялык университетиндеги аскердик кафедрасынын кураторуна каршы студенттен арыз келип түшкөн. 

Анда мугалим экзаменден өткөрүү үчүн студенттерден 2 миң 500 сом талап кылып жаткандыгы айтылган. 

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында пара талап кылган куратор кармалып, Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0