Президент Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо боюнча келишимди ратификациялады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКөпүрө куруу иштери. Архив
Көпүрө куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көпүрөнү реконструкциялоо боюнча макулдашуу кыргыз өкмөтү менен Япониянын JICA агенттиги тарабынын 2013-жылы түзүлгөн.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек — Ош унаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо долбоорун каржылоого гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ошто дагы бир көпүрөнүн курулушу башталды
Макулдашуу кыргыз өкмөтү менен Япониянын JICA агенттиги тарабынын 2013-жылы түзүлүп, мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыркы жылдын соңунда кабыл алган. Көк-Арт дарыясына жаӊы көпүрө салуу үчүн 1 миллиард 196 миллион йен бөлүнмөкчү.

Келишимде аталган аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, өлкө ичиндеги үзгүлтүксүз унаа байланышын камсыздоо каралган. 

Аталган мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0