Бишкек – Ош автожолундагы тоолордон карды түшүрүү үчүн 75 снаряд атылган

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүАртиллериялык курал. Архив
Артиллериялык курал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздукту камсыздап жана адамдарга зыян келтирбөө үчүн 13-январдан 20-январга чейин артиллериялык куралды колдонуп, тоолордогу карды атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. КРдин Башкы штабынын артиллериялык тобу менен ӨКМдин ыкчам тобу Бишкек – Ош унаа жолунун 226-чакырымында жети жолу артиллериялык снаряд атып, андан көлөмү 37 500 кубометр болгон кар түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кар көчкүнү аткылап түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аскерлер менен куткаруучулар Бишкек – Ош унаа жолундагы карды аткылап түшүрүштү
Маалыматка ылайык, түшкөн кар унаа жолго жеткен эмес. Ушул күнгө чейин аталган кан жолдогу карды түшүрүү үчүн камдалган 75 снаряддын үчөө атылбай калган.

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138чи жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын зыян болушуна жол бербөө үчүн 13-январдан 20-январга чейин артиллериялык куралды колдонуп, карды атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0